Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжада 60 млнго курулуп жаткан мектептин сапатын сынга алды

19.08.2021 16:32
880
Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжада 60 млнго курулуп жаткан мектептин сапатын сынга алды

Зиядин Жамалдинов: “Мектепти сапаттуу кылып бүтүрбөсөңөр, кабыл албайбыз”.Мындай пикирин Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “ Сагындык” атындагы орто мектептин курулуш иштери менен таанышуу учурунда билдирип, бир катар кемчиликтер бар экенин айтты. Бул тууралуу Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


“Курулуш иштеринде бир нече кемчиликтер бар экен. Балдар үчүн шарт түзүп бергиле деп мамлекеттен 60 миллион сом бөлүп берип жатса, силер (курулуш компаниясына) мектепти курулушун мындай сапатсыз кылганыңар туурабы? Мен өзүм азыр бир нече кемчиликтерди айттым. Ошонун баарын кайра башынан оңдоп, сапаттуу кылып бүтүрүңүздөр. Эгерде сапаттуу болбосо кабыл албаңыздар”,-деди Зиядин Жамалдинов.


“Сагындык” атындагы орто мектептин курулушу 2020-жылдын май айында башталып, республикалык бюджетттен 60 млн 940 миң сом бөлүнгөн. 225 орундуу 2 кабаттуу мектеп жана спорт залы менен 2021-жылдын сентябрь айынын аягында пайдаланууга берүү пландалган.


Мындан сырткары, Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү “ Үмүт-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курушу менен жана Алайкуу өрөөнүндөгү авариялык мектептердин абалы менен таанышып, кийинки жылда курулуш иштерин баштоо үчүн аракеттер жүрөт деп белгиледи. Ошондой эле Кайың-Талаа айылына берилүүчү таза суу долбоорунун аткарылып жаткан жумуштары менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн