Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Зиядин Жамалдинов сел жүргөн Күйө-Таш айылына барды

18.08.2021 11:09
833
Зиядин Жамалдинов сел жүргөн Күйө-Таш айылына барды

Зиядин Жамалдинов Алайкуу өрөөнүндөгү Күйө-Таш айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Анын алкагында Алайкуу өрөөнүндөгү айылдарды кыдырып, көйгөйлөр менен жеринде таанышып жатат. Ош облусунун башчысы 15-август күнү сел жүргөн Күйө-Таш айылынын тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.


Буга чейин сел алып кеткен өтмөктү тез арадан ондоо жана тургундардын коопсуздугу үчүн тиешелүү чараларды көрүү тууралуу ӨКМнин облустук башкармалыгына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди.


Эгерде Күйө-Таш айылындагы суу өтмөктүн көлөмү чонойтулса, сел жүргөн учурда жаралуучу кооптуулук жоюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн