Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Зыян 18,5 млн сом. "Манас" аэропортундагы дүкөндөн тариздөөдөн өтпөгөн товарлар табылды

22.09.2023 17:17
283
Зыян 18,5 млн сом. "Манас" аэропортундагы дүкөндөн тариздөөдөн өтпөгөн товарлар табылды


"Манас" аэропортунун учуу аймагында жайгашкан дүкөндөн декларацияланбаган товарлар табылды. Келтирилген зыян 18,5 миллион сомдон ашыкты түзөт.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, товарлар "Э.С.В. Дьютифри" ЖЧКнын алымсыз соода дүкөнүнөн табылган.

2022-жылдын ноябрынан баштап "Э.С.В. Дьютифри" ЖЧК алымсыз соода дүкөнү 107 миң 954 даана көлөмүндө товарларына карата (алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарды жана тамак-аш азыктарынын ассортиментин) алымсыз соода процедурасы боюнча (ИМ-96) жол-жоболоштуруу жүргүздү.

Бирок, аталган ЖЧКнын кеңсесинде жана кампасында жайгашкан тамеки жана алкоголдук продукциянын калган товарларын жана башка товарларды инвентаризациялоонун жыйынтыгында бажы шартында таризделбеген көп сандагы товарлар аныкталган.

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейинки мезгилде бажы органына товарлардын декларациясынын жок номерлерин көрсөтүү менен бир катар отчетторду берип, муну менен атайылап жалган маалыматтарды берген.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 18 млн 730 миң 512 сомду түзгөн. Чогултуган материалдар каттоого алынып, негизи боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн