Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Зыян дээрлик 500 миң. Жаратылыш ресурстары министрлиги Таласта мыйзамсыз кыйылган бактарды аныктады

02.02.2024 09:25
473
Зыян дээрлик 500 миң. Жаратылыш ресурстары министрлиги Таласта мыйзамсыз кыйылган бактарды аныктады


23-январь күнү Жаратылыш ресурстары министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери текшерүү иштеринин жүрүшүндө Талас облусунун Манас районундагы Талас айылында жол жээгиндеги 25 түп терек кыйылганын аныкташкан.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бак-дарактар ​​айыл аймак башчысы М.Жунусалиевдин тапшырмасы менен мыйзамсыз кыйылган. Жыйынтыгында министрликтин кызматкерлери тарабынан акт түзүлүп, өсүмдүктөр дүйнөсүнө 425 миң 95 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, иш Манас районунун ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.


Ошондой эле, Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери Айтматов районунун Тамчы-Булак айылындагы жол жээгинде кыйылган 50 даракты аныкташкан. Бак-дарактар ​​2023-жылдын декабрь айында Руслан Карохмед Оглы аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз кыйылган.


Материалдар Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян 64 миң 213 сомду түздү. Келтирилген зыян үстүбүздөгү жылдын январь айында төлөнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн