Алымкадыр Бейшеналиевге арыз негизинде текшерүү башталды. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Министрдин атына келип түшкөн арыз боюнча текшерүү башталды. Кайнатманы ичкен адамдардын ден соолугуна байланыштуу иш козголот. Азыркы кезде 400 адам ичиптир, уулангандар жок экен. Эгер андай учурлар катталса, сөзсүз мыйзам алдында жооп берет",- деди Зулушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн