Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Зулушев: Буйрутма менен иштеген сот, тергөөчү чечими үчүн жооп берет

20.04.2021 13:50
1191
Зулушев: Буйрутма менен иштеген сот, тергөөчү чечими үчүн жооп берет

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Башкы прокурор Зулушевден буйуртма менен иштеген кызматкерлерге чара көрүлдүбү жокпу кызыгып көрдү.


"Буйрутма опер кызматкери, тергөөчү, прокурор, сот боюнча качан иш алып барасыңар?

Мына азыр Башкы прокуратура жакшы жышаандарды баштады. Текебаевдин, Талгарбековдун, Ташиевдин, Жапаровдун иши боюнча акталуулар болуп жатат. Ошол убакта буйрутма менен иштегендер кызматтарынан четтетилдиби? Жоопкерчилиги жөнүндө айтпай эле коёюн. Ошол боюнча иш алып баруу керек. Биз буйрутма менен иштегендер кетмейинче укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ишенич алып келе албайбыз", - деди депутат.


"Мыйзамсыз иш алып барган ар бир кызматкер жоопко тартылат. Ал эми буйрутма менен иштеген сот, тергөөчү чечими үчүн жооп берет",- деди Зулушев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн