Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Зулушев ЕККУнун Бишкектеги элчиси менен жолугушту

23.03.2022 15:47
372
Зулушев ЕККУнун Бишкектеги элчиси менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, Элчи Алексей Рогов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Аталган жолугушуунун негизги максаты – прокурордук ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде 2022-2023-жылдарга карата бекемдөө жана кеңейтүү болду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы прокурор Башкы көзөмөлдөөчү орган менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин коррупцияга каршы аракеттенүү, адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, ишкерлердин укуктарын коргоо, ошондой эле прокуратура органдарынын кылмыш-жаза-укуктук статистика жана санариптештирүү жаатындагы ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери боюнча кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө, Башкы прокурор ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысынын көнүлүн глобалдык эл аралык макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин натыйжалуу аткарылышын жүргүзгөн Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүн мындан ары да колдоо зарыл экендигине бурду.


Мындан тышкары, Элчи А.Рогов Башкы прокуратурага болгон визиттин алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын, укуктук статистика башкармалыгынын, окутуу борборунун жана иш-кагаздарды электрондук жүгүртүү тутуму менен таанышып чыкты. Бул тутум 2019-жылы ЕККУнун колдоосунун астында республиканын бардык прокуратура органдарында колдонууга киргизилген.


Ошондой эле, А.Рогов Башкы прокуратуранын музейинде болуп, ардактуу коноктор үчүн жазуулар китебинде өзүнүн жылуу каалоолорун жазып кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн