Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Зулушев КМШ өлкөлөрүнүн прокурорлорунун жыйынына катышты

24.09.2021 14:48
627
Зулушев КМШ өлкөлөрүнүн прокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Т. Зулушев КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин кезектеги 31-отурумуна катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


2021-жылдын 23-сентябрында Казакстан Республикасынын, Нур-Султан шаарында Башкы прокурор К.Т.Зулушев башчылыгында турган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин Башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин кезектеги 31-отурумунун ишине катышышты.


Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын Башкы прокурорлору катышты.


Күн тартибине ылайык, жыйында КМШга катышуучу мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча координациялоо маселелери каралып, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу багыттары боюнча прокуратура органдарынын аракеттерин күчөтүү каралды.


Отурумдун жыйынтыгы менен Башкы прокурорлордун кезектеги Координациялык кеңешинин отуруму 2022-жылы Беларусь Республикасында өткөрүү жөнүндө чечими кабыл алынды.


Мындан сырткары, К.Т.Зулушев Казакстан Республикасынын Башкы прокурору Г.Д.Нурдаулетов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын маалымат системасын өркүндөтүү максатында, заманбап технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашууну жана ишке киргизүүнү улантуу маселелеринде эл аралык кызматташууну активдүүлүгүнүн күчтөнүшүнө көңүл бурушту.


Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурору Н.Т.Йулдашев менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратураларынын 2022-2023-жылдарга багытталган эки мамлекеттин прокурордук-тергөө органдарынын кызматкерлеринин кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Программасына кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн