Жаңы кодекстерди иштеп чыгууда адам тагдырына көңүл бурулду. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин комитеттик отурумунда жаңы кылмыш кодекстерин экинчи, үчүнчү окууда талкуулап жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы кодекстер тажрыйбалуу практиктер менен жазылган.
"Жаңы кодекстерди иштеп чыгууда гумандуулук жана адам тагдырына көңүл бурулду. Анткени мурдагы айрым кылмыш жазалары өтө оор болгон.
Жаңы кылмыш кодекстерин жазууда биз көп тараптын пикирин уктук. Кодекстерди жазууда көп жылдык тажрыйбасы бар адистерди чакырдык",- деди Зулушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн