Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев элдин көйгөйлөрүн угуу жана ыкчам чечүү максатында Москва районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, жыйынга 300гө чукул жарандар катышты.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жер-жерлердеги элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алууну улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн