Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Зулушев россиялык жана азербайжандык кесиптештери менен кызматташтыкты талкуулады

18.09.2023 16:00
194
Зулушев россиялык жана азербайжандык кесиптештери менен кызматташтыкты талкуулады


Башкы прокурор Курманкул Зулушев Россия башкы прокурору Игор Краснов жана Азербайжандын башкы прокурору Кямран Алиев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ, ошондой эле ЭКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокуратураларынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү, жарандардын укуктарын камсыздоо, коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу өңдүү бир топ маанилүү маселелер тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Азербайжандын башкы прокурорлору бир катар негизги багыттар боюнча тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Ал эми РФ башкы прокурору менен өткөн жолугушуунун жыйынтыгында КР Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору жана РФнын прокуратура университетинин ортосунда кадрларды даярдоо жана илимий-изилдөө жааттарында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга, ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын Башкы прокуратураларынын ортосундагы келээрки 2024-2025 жылдарга биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлду.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калыкова
Россиялык кесиптешинерден мамлекеттик мекемеде иштеп групповой кылмыш жасагандардын кылмышын жашырбай ачыкка чыгарууну уйронгуло. Коррупцияга батып калбай таза иштоону уйронгуло