Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өкмөт 1-майдан тарта уруксат берилүүчү ишкердиктин түрлөрүн жарыялады

28.04.2020 23:29
1315
Өкмөт 1-майдан тарта уруксат берилүүчү ишкердиктин түрлөрүн жарыялады


COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жоюу жана экономикалык зыянды азайтуу максатында ишмердүүлүктү жандандыруунун жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.


Ага ылайык, өзгөчө абал режиминде 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнүн ишине уруксат берилет:


1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү: 


- энергетикалык өнөр жай; 


- химиялык жана нефтигаз өнөр жайы; 


- машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай; 


- тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия; 


- текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы; 


- эмерек өнөр жайы; 


- курулуш материалдарды өндүрүү


- жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү. 


2. Курулуш чөйрөсү: 


- курулуш обьектилери; 


- сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер; 


- кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр. 


3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү: 


- техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо; 


- дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө; 


- жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо. 


4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү. 


5. Соода чөйрөсү: 


- интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо; 


- курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо; 


- кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо   


- автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү. 


6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү. 


7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда) 


Мындан сырткары фермерлерди колдоо үчүн айрым аймактарда мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Шаарларда жана Бишкек, Ош, Токмок, Сокулуктагы эл көп топтолгон базарлар азырынча иштебейт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн