Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Премьер-министр акимдерди мыйзам бузуу менен дайындап жатат, - депутат

13.05.2020 12:26
959
Премьер-министр акимдерди мыйзам бузуу менен дайындап жатат, - депутат


Өкмөт башчы акимдерди мыйзам бузуу менен түз дайындап жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди. 


Анын айтымында акимдер жергиликтүү кеңеш менен депутаттарга жыл жыйынтыгын бербей жатат.


"Премьер-министр баш болуп мыйзамдар бири-бирине шайкеш келбейт деп элди алдап жатат. Конституциялык мыйзамда да жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамда да премьер-министр акимди жергиликтүү кеңештин сунушу менен дайындайт деп турат. Конституция өзгөргөндөн бери төрт жыл өттү. Сиз ошол мыйзамды шайкеш келүүгө алып келбей жатасыз, Конституцияга таянып акимдерди мыйзам бузуу менен түз дайындап жатат”,  - деди Бокоев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн