Той-аштарды токтото турууга чакырам, деди премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы брифингде.
Анын айтымында, учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө оң динамиканы сактап бара жатат. Бирок, ага карабай, жарандар санитардык эрежелерди сактаганды унутпашы керек.
"Кыргыз илгертен эле күркүрөгөн күздө, мал жайлоодон түшкөндө, кызыл кырманга толгондо той-аш болот деп айткан. Мына, августтун аягынан жаңы жылга чейин жакшылыктар көбөйөт, той-топур күч алат. Албетте, бул кыргыз элинин тарыхый салты. Бирок азырынча дарысы жок дарт менен күрөшүп жаткан маалда эл көп чогулган иш-чараларды токтото турууга чакырамын", — деди премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн