Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөт башчы медициналык мекемелердин курулушун тездетүүнү тапшырды

11.08.2020 15:03
899
Өкмөт башчы медициналык мекемелердин курулушун тездетүүнү тапшырды


Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жабдууларды, дары-дармектерди сатып алууну жана медициналык мекемелердин курулушун ишке ашырууну тездетүү керек. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов  тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине берди.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө керектүү медициналык каражаттарды жана сасык тумоого каршы эмдөө үчүн вакцина алууга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. 


Ошондой эле жаңы ооруканаларды куруу жана медициналык мекемелерге ыңгайлаштырып жасалып жаткан объекттерди оңдоп-түзөө, муну менен катар жүргүзүлүп жаткан иштерди каржылоо маселелери талкууланды. 


«Саламаттык сактоо тармагынын имараттарын куруу жана ремонттоо, керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди алуу, газификаторлорду орнотуу иштерин тездетүү зарыл. Калктын аярлуу катмарын эмдөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу шарт. Ал эми башка категориядагы жарандардын эмдөөнүн акысын төлөөсү же жеке менчик клиникалар менен өз ара аракеттешүү механизминин Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыгууга тийиш», - деди өкмөт башчы. 


Штабдын отурумунда көпчүлүк жарандар коомдук жайларда санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатканы айтылды. Жергиликтүү бийлик органдарына санитардык нормаларды сактоону катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. 


«Карантин режимин басаңдатып, жумшарткандан кийин Бишкек шаарында ооругандардын саны 29-июндарда көбөйө баштаганын өзүңөр жакшы билесиңер. Бүгүнкү күндө коомдук транспорттордун, дүкөндөрдүн жана коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсү үчүн бир катар жеңилдиктер берилди. Борбор калаанын көчөлөрүндө санитардык талаптар сакталбай жатканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Ошондуктан көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бишкек шаарында болгон июнь айындагыдай абал бир дагы райондо кайталанбашы керек. Алдыда күз-кыш мезгили турат,  ар бир жарандын өмүрү, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого байланыштуу экенин унутпашыбыз керек», - деди премьер-министр.  




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн