Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөт элдин эсебинен бюджетти толтурууну көздөп жатабы?

06.01.2021 11:08
481
Өкмөт элдин эсебинен бюджетти толтурууну көздөп жатабы?


Кыргыз өкмөтү элден жана мекеме-уюмдардан республикалык бюджетти колдоо үчүн түшө турган акча каражатын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.


Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, эсепти Каржы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында (БКЭ) ачат.


Каржы министрлиги даярдаган Жобонун долбоорунда бул эсеп “юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында укук тартибин коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен которулган акчаны жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат”.


Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн депозиттик эсеп 2018-жылы ачылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн