Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:08
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Өкмөт карапайым калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштейт

18.03.2021 12:52
795
Өкмөт карапайым калктын  жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштейт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Планга Премьер-Министр тарабынан кол коюлган жана анда аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин каралган 50 иш-чара бекитилген. Аларды ишке ашырууда көптөгөн багыттарда олуттуу жакшыртууларга жетишүүгө мүмкүндүк түзүлөт.


Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Пландын бардык пункттары толук көлөмдө ишке ашырылышы керек.


«Инвесторлорду коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир катар жарлыгына карабастан, жакында жоюлган финансы полициясы тарабынан гана үстүбүздөгү жылдын январь – февраль айында 140 иш козголгон. Текшерүүчү органдар инвесторлорду коркутуу тажрыйбасын токтотушу керек», - деп белгиледи Улукбек Марипов.


Ошондой эле Иш-чаралар планынын ар бир пункту боюнча кеңири түшүндүрмө берген экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиевдин маалыматы угулду.


«Март айына карата төрт иш-чараны ишке ашыруу каралган, анын үчү аткарылган, анын ичинде консулдук кызмат көрсөтүүгө тарифтер төмөндөтүлгөн, бажы чек арасындагы ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо функциялары алынып салынды, Бишкекте кесиптик багыт берүү борбору ачылды», - деди ал.


Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Премьер-министр белгилегендей, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотуу жөнүндө маселе талкууланууда, минералдык жер семирткичтерди сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге кол коюлду.


Соңунда Өкмөт башчы белгилегендей, Планды ишке ашыруу жыйынтыгы боюнча ар бир министрликке тийиштүү баа берилет, ал эми аталган документти ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн