Теке 05, 2024
Убакыт: 14:23
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Өкмөт салык отчетторунун мөөнөтүн 1-октябрга чейин узартты

24.07.2020 17:29
956
Өкмөт салык отчетторунун мөөнөтүн 1-октябрга чейин узартты


Өкмөт салык отчетторун тапшыруунун мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узарткан чечим кабыл алды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өкмөттүн 23-июлдагы №394 токтому менен салыктык отчеттуулукту, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду берүү мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды.


Токтом кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана коронавирустун таралуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынды.  


Документ жеке ишкерлер жана уюмдар үчүн 1-октябрга чейин (жазуу жүзүндөгү арызысыз)  мөөнөт берүү менен:


- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргызстандын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары салыктык отчеттуулукту, 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгил үчүн;


- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин;


- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр (FORM STI-157) боюнча отчетту 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августка чейин узартты. 


Белгилей турган нерсе, эгер салык төлөөчү көрсөтүлгөн убакытта (2020-жылдын 15- жана 20-июлунда) отчетторду бербесе, анда ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн