Бүгүн, 10-январда өкмөт үйүндө иштеген кызмат адамдарынан коронавирусту аныктоо үчүн экспресс-тест жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 9 кызматкерден коронавирус аныкталган. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 9 кызматкер толук ПЧР-тест тапшырууга жөнөтүлгөн. Алар обочолонуп иштөөгө өткөн.
Ошондой эле Президенттин Администрациясынын айрым кызматкерлеринен да коронавирус аныкталган. Алар дагы аралыктан иштөөгө өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн