Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөт жакынкы айлар үчүн дары-дармектердин резервин толтуруу тапшырмасын берди

10.07.2020 16:30
1288
Өкмөт жакынкы айлар үчүн дары-дармектердин резервин толтуруу тапшырмасын берди


Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Мындай тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов берди.

«Бүгүнкү күндө шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн