Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өкмөттөн күндүзгү стационарлардагы көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы коюлду (фото)

07.07.2020 09:05
939
Өкмөттөн күндүзгү стационарлардагы көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы коюлду (фото)


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорундагы күндүзгү стационарларды барып көрдү жана жеринде калкка амбулатордук деңгээлде көмөк көрсөтүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, вице-премьер-министр медициналык кызматкерлер жана бейтаптар менен күндүзгү стационарлардын ишин талкуулап, медициналык көмөк көрсөтүү ишинин уюштурулушу, ошондой эле тез жардам көрсөтүүдөгү кадрлардын, медициналык каражаттардын, дары-дармектердин жетишсиздиги жана медициналык таштандыларды утилизациялоо жаатындагы көйгөйлөр менен таанышты.

 

Белгилесек, күндүзгү стационарларга жарандар дарыгерлердин кеп-кеңешин алуу жана белгиленген медициналык дарылоону ийне саюу түрүндө алуу максатында кайрыла алат.

 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин уюштурууну тездетүү жана күндүзгү стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн