Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн уулу Москвада кармалды. Окуянын чоо-жайы

11.09.2020 16:07
1151
Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн уулу Москвада кармалды. Окуянын чоо-жайы


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү  Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаев алдамчылык иш-аракеттерине шектүү делип Москва шаарынын аймагынан кармалды. 


ИИМдин басма сөз кызматы 11-сентябрда маалымдагандай, 2019-жылдын апрель айында Бишкек шаарында үч жаран, анын ичинен Азиз аттуу адам чет өлкөдөн автоунааларды сатып алабыз деген шылтоо менен ишкердин ишенимине кирип, баасы 1397000 сомдук (20000 АКШ долллар) турган «Toyota Avalon», 768350 сомдук (11 000 АКШ доллары) «Hyundai Elantra» үлгүсүндөгү унааларын ээлеп алган. 


Укукка жат иш аракеттин натыйжасында ишкерге 2 млн 165 миң 350 сомдук чыгым келтирилген. 2019-жылдын 10-апрель күнү аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен катталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. 


Кармалган жарандардын бирине Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин материал сотко жөнөтүлгөн.  Эки шектүү, анын ичинде Орозбаев Азиз Алишерович алдамчылык иш-аракеттеринен кийин издерин жашырып качып кетишкен. 


Тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү алып келүү боюнча бир нече жолу тергөө тапшырмасы берилген. 2020-жылдын январь айында 1989-жылы туулган А.М. менен 1989-жылы туулган А.Орозбаевге КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. 


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. 2020-жылдын март айында шектүүлөр издөөгө алынып, сотко чейинки өндүрүш КРнын ЖПКнын 237-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык токтотулган. 


Алдын ала алынган маалымат боюнча издөө жарыяланган А.Орозбаев ушул жылдын 4-сентябрь күнү Москва шаарынын Красносельск районунун аймагында укук коргоо органдары тарабынан кармалган. 


Бишкек шаардык Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Красносельск районунун бөлүмүнө издөөгө алынган жаранга карата тиешелүү документтер жөнөтүлдү. Кармалган жаранды эсктрадициялоо маселеси Башкы прокуратура тарабынан чечилет.


А.Орозбаев өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү  Алишер Абдрахмановдун уулу болуп эсептелинет. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн