Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү  жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Жантаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу маалыматты облустук администрация тастыктады.


Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 23-ноябрда катталган. 


Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоуааны Ак-Суу районунун 24 жаштагы жигит айдап баратып руль башкара албай калганы айтылат маалыматта. Мунун кесепетинен машина жолтандабас оодарылып түшкөн. Салондогы Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.


"Жантаевдин абалы орточо туруктуу деп бааланууда. Аны менен телефон аркылуу байланыштым, өзү сүйлөп жатат. Айдоочу дагы Караколго жолдо баратат. Анын дагы абалы жакшы", — деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев.


Аталган факт Балыкчы шаардык милициясынын электрондук журналына катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн