Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөттүн атынан балдарга жаңы жылдык белектер тартууланды

30.12.2020 17:00
621
Өкмөттүн атынан балдарга жаңы жылдык белектер тартууланды

Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Бактыбек Аманбаев балдарды жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга өкмөттүн атынан таттуулар жана планшеттер түрүндө белектерди тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилесек, өкмөт үйүнө министрлер кабинетинин дарегине мурда кат жазган балдар чакырылган.

«Кымбаттуу балдар! Силерди келе жаткан Жаңы 2021-жылыңар менен куттуктайм! Жаңы жылыбыз өлкөбүздүн ырааттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагымдуу өзгөрүүлөргө бай болсун. Силердин окууңарга ийгиликтерди каалайм, дениңер сак болушун, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашуусуна тилектешмин. Силер – биздин келечегибизсиңер. Алдыңкы билим-илим алууга умтулуп, замандын талабына төп келген жаштардан болуп өскүлө», - деди Бактыбек Аманбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн