Өкмөттүн түзүмү өзгөрбөйт. Бул тууралуу премьер-министрлик кызматка талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү абалда кадр алмаштыруу саясаты туура эмес болот. Бошогон кызмат ордундарына гана жаңы адамдарды шайлоо боюнча талапкерлер көрсөтүлүп жатат. Башка орундарда кадр алмашуу болбойт.
“Ишти мындан ары улантып, коронавирустун жайылышын азайтуу, кесепеттерин жоюу жана парламенттик шайлоого даярдык көрүү негизги милдетибиз деп ойлойм”, - деди ал.
Ошондой эле Кубатбек Боронов өкмөт мүчөлөрүнүн арасында шайлоого катышууга ниеттенип жаткан кызмат адамдары жок, өзүнүн мөөнөтү аягына чыкканга чейин иштөөгө даяр. “Буга чейин өкмөттүк жыйындарда бул маселени талкуулаганбыз. Кимде ким шайлоого барууну пландап жаткан болсо алдын ала эскертүү боюнча тапшырма берилген. Андан бери 15 күндөй өттү бир дагы өкмөт мүчөсү шайлоого катышарын айткан жок. Бардыгы аягына чейин иштейт деген жыйынтык чыгарсак болот”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн