Кой-Таш окуясында каза болгон "Альфа" кызматынын офицери Үсөн Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева Равшан Жеенбековду сотко берет. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал Башкы прокуратурага дагы кайрылат.
«Жеенбеков эл алдында мени жана менин көз жумган уулумду эскерип, аны киши өлтүргүч деп сөккөн. Мен бул адамдан жалган жалаа жапкандыгы үчүн мыйзам алдында жооп беришин талап кылам. Эгер Жеенбеков жөн гана кечирим сураса, анда ал башка маселе болмок. Мен ага шайлоого катышып, добуштардын бир пайызын дагы ала албагандыгын айттым, бул анын аброюнун көрсөткүчү. Ал ачууланып кетти. Мен Кой-Таштагы окуялар боюнча сот жараянына 10 айдан бери катышып келе жатам, Атамбаевдин тарапташтары мени бир нече жолу мыскылдады», - деди Өкмөт Мамаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн