Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өлкө аймагында өткөн суткада 138 кылмыш катталды, - ИИМ

19.10.2020 10:48
434
Өлкө аймагында өткөн суткада 138 кылмыш катталды, - ИИМ


Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.


"Республика боюнча 18-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138 кылмыш, 107  жоруктар катталды. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн