Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:27
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өлкө башчы оюндан кийин футболчулар менен жолугушту (видео)

08.09.2021 06:35
1358
Өлкө башчы оюндан кийин футболчулар менен жолугушту (видео)

7-сентябрда футбол боюнча  "Үч улуттун кубогу" турниринин алкагында өткөн Кыргызстан улуттук курама командасы менен Бангладештин оюнуна президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылып катышты.


Оюн Кыргызстандын пайдасына 4:1 эсебинде жыйынтыкталды.


Оюн бүткөн соң, Мамлекет башчысы спортчуларды ишенимдүү жеңиши менен куттуктоо үчүн Кыргызстандын курамасы эс алган бөлмөгө кирди. Ал бул беттеште команда татыктуу жана кызыктуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.


Президент Садыр Жапаров өз күйөрмандарына жагымдуу эмоцияларды тартуулаганы үчүн футболчуларга, машыктыруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтты.


Ал өлкөнүн улуттук курамасы мындан ары да ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишип, өз жеңиштери менен кыргызстандыктарды кубанта берүүсүн каалады.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн