Кыргызстан боюнча 456 418 адамга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жардам катары күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүктөр, медициналык каражаттар жана айрым үй-бүлөлөргө телевизорлор таркатылган.
Жардам алгандарды аймактарган бөлүп караганда төмөнкүдөй:
Бишкек шаары – 86 664 үй-бүлө;
Ош шаары– 42 845 үй-бүлө;
Ош облусу – 101 777 үй-бүлө;
Чүй облусу – 55 19 үй-бүлө;
Жалал-Абад облусу – 82 119 үй-бүлө;
Баткен облусу – 21 584 үй-бүлө;
Ысык-Көл облусу – 31 438 үй-бүлө;
Нарын облусу – 23 861 үй-бүлө;
Талас облусу – 11 111 үй-бүлө.
Жардам мамлекеттик резервден, кайрымдуулук уюмдар жана активистер тарабынан берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн