Ушул жылдын 29-июлуна карата республика боюнча 525 миң 105 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев 29-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, жалпы жардамдын ичинен жергиликтүү бюджет - 64497, демөөрчүлүк жардам - 285538, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби - 26616, өкмөттүн токтому (200 млн.сом) - 148454 сомду түздү.
"Гуманитардык жардамды жергиликтүү деңгээлде бөлүштүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык администрациянын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан жүргүзүлгөн", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн