Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өлкө коопсуздугу бекемделүүдө. Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлердин сый акысы тууралуу түшүндүрмө берди

17.01.2023 17:13
435
Өлкө коопсуздугу бекемделүүдө. Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлердин сый акысы тууралуу түшүндүрмө берди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлердин сый акысы эмне үчүн берилбей калганынын себебин түшүндүрдү.


Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин квартал сайын ала турган премиясы өткөн жылдын аягынан баштап убактылуу токтотулган.

“Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот. Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган кварталдык премия, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз”, - деп жазат ал.

Орунбеков мамкызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылганын белгилеп, жыл аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилерин маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн