Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Үч жаңы оорукананы куруу жана 9 медициналык мекемени оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

20.08.2020 15:44
870
Үч жаңы оорукананы куруу жана 9 медициналык мекемени оңдоо иштери кызуу жүрүүдө


Жаңы типтеги ооруканалардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы учурда жалпы республика боюнча 12 саламаттык сактоо уюму курулуп, оңдолуп-түзөлүп жана иш багыты өзгөртүлүп жатат.

“Калкка комплекстүү медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн жаңы типтеги ооруканаларды куруу пландаштырылган. Анын алкагында жаңы, эксперименталдык бат тургузулуучу 3 клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулуш иштери жүргүзүлүүдө”, - дейт башкармалыктын башкы адиси Зуура Долонбаева.

Жаңы салынып жаткан ооруканалар жалпысынан 270 орунга ылайыкташтырылган, анын ичинде 70 орун жандандыруу бөлүмдөрү үчүн каралган:

-   Бишкек шаарында 100 орундуу,

-  Ош шаарында 100 орундуу,

-   Нарын шаарында 70 орундуу.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында 9 саламаттык сактоо уюмунда масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Алар:

-  Чүй облусунун Токмок шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында 216 орундуу заманбап, жугуштуу ооруканалар бөлүмү ачылат;

-  Баткен облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында 90 орунга ылайыкташтырылып (15 орун реанимациялык болуп эсептелет) капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө;

- Жалал-Абад облусунда 2 имарат инфекциялык оорукана катары өзгөртүлүп, жасалууда;

- Ысык-Көл облусунда – 2 объектти оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат;

- Ош облусунун Кара-Суу районунда 1 объект колдонууга берилмекчи;

-  Талас облусунун Көк - Ой айылындагы аймактык оорукананын имараты өзгөртүлүп, кайра жасалууда.

Жаңыдан салынып, иш багыты өзгөртүлүп, оңдоп-түзөө иштери жасалып жаткан ооруканаларга керектүү медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын наркы КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эсептелип чыкты. Жалпысынан:

-  медициналык жабдуулар үчүн 230 млн сом;

- медициналык эмес жабдууларга 13 млн сом керектелет.

Азыркы тапта аталган ооруканалардагы кадрлык жана штаттык нормативдерге муктаждыктарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл жана Талас облустарындагы иш багыты өзгөртүлүп, кайра түзүлгөн инфекциялык ооруканаларды медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздоо пландаштырылууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн