Чын курандын 23, 2025
Убакыт: 16:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.040
1.090

Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузгандарга 5,6 млн айып салынды

23.04.2025 12:18
25
Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузгандарга 5,6 млн айып салынды


Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузган айдоочуларга 5,6 млн айып салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүлүүдө.


1-апрелде башталган текшерүү иштеринин 3 аптасында (21-апрелге чейин) 51 миң 211 транспорт каражаты текшерилди.


Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 503 протокол түзүлүп, 5 млн 654 миң сом айып пул салынды.


Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 30-апрелге чейин уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн