Бир сутка ичинде өлкө боюнча тактап айтканда, Бишкек шаарында 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 10-сентябрдагы брифингде билдирди.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 1 медкызматкер жана үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3160 учур катталды, алардын ичинен 2635 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн