Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-августтагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Баткен облусунда – 1
- Жалал-Абад облусунда – 1
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3116 учур катталды, алардын ичинен 2409 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн