Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-сентябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Чүй облусунда – 1
- Баткен облусунда – 2
Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 10 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3136 учур катталды, алардын ичинен 2483 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн