Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Баткен облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 2
Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3149 учур катталды, алардын ичинен 2550 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн