Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-сентябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Баткен облусунда – 3
- Ысык-Көл облусунда – 2
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3157 учур катталды, алардын ичинен 2579 медкызматкер айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн