Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өлкөдө курулуп жаткан ооруканалардын каржы булактары айтылды

21.08.2020 10:47
824
Өлкөдө курулуп жаткан ооруканалардын каржы булактары айтылды


Республика боюнча жалпысынан 5 саламаттык сактоо объектиси курулуп жатат. Алардын ичинен 3 объектиси тез курулуучу конструкциялардан эксперименталдык болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, аларды каржылоо булагы - "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун" эсебинен пландаштырылган.

Мындан тышкары, "Бирдиктүү заказчик" линиясы боюнча Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайкич айылында эки оорукананын курулушу жүргүзүлүүдө. Алар "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланат.

Ошондой эле 9 саламаттык сактоо объекттеринде кайрадан профилдөө үчүн оңдоо-курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн