Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муктаж жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылууга канча каражат жумшалды?

12.06.2020 15:23
821
Муктаж жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылууга канча каражат жумшалды?

Кыргызстанда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери TUNDUK.KG порталы арыкылуу гуманитардык жардам сурап 838 924 үй-бүлө кайрылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.  


Анын айтымында, бүгүнкү күндө 524 645 үй-бүлө азык-түлүк баштыкчалары менен камсыз болду. (Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен - 64646, демөөрчүлөрдөн - 285111, ЭСӨМдүн депозиттик эсебинен - 26616, өкмөттөн бөлүнгөн каражаттардан (200 млн. сом) – 148454).


Министрликтин алдында депозиттик эсеп алчылган күндөн тартып жалпысынан 17 423 282 сом түшкөн. Анын ичинен комиссиянын чечими менен 16 139 996 сом муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылууга бөлүнгөн. Депозитте калган сумма 1 283 286 сомду түзөт. 


Бүгүнкү күндө республика боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жалпысынан 8181,75 тонна ун бөлүнгөн.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн