Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-сентябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Баткен облусунда – 1
- Ош облусунда – 2
- Ош шаарында – 1
Ал эми бир суткада ооруканалардан 1 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3185 учур катталды, алардын ичинен 2739 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн