Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өлкөдөгү абал боюнча президенттин маалымат катчысы билдирүү жасады

30.04.2021 04:26
671
Өлкөдөгү абал боюнча президенттин маалымат катчысы билдирүү жасады

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкөдө болуп жаткан  акыркы окуялар тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматтуу кыргызстандыктар! Катардагы жарандар, саясатчылар жана айрыкча журналисттер менен активисттер, коомдук пикирди жаратуучулар!


Биздин Мекенибиздин чегинде олуттуу жаңжал болуп жатат. Эки тараптан тең жабыркагандар бар. Бул каршылашуу, эки тараптан тең болгон тукуруулар менен чагым салуунун айынан узакка созулган согуштук аракеттерге айланып кетиши мүмкүн.


Тажик тарап да эстүүлүк кылып, чыр-чатактын өнүгүшүнө жол бербейт деп ишенебиз. Бирок биз, Кыргызстандын жарандары, эртең кандай күнгө туш болорубуз - чек арабызда кагылышуулардын андан ары уланышы же бир пикирге келип, ушул чыр-чатакты өчүрө аларыбыз ар бирибиздин иш-аракетибизден жана сөздөрүбүздөн көз каранды экендигин түшүнүшүбүз керек. 


Азыркы тапта бардыгыбыз бир максат үчүн гана – өлкөбүздө жана чек араларыбызда тынчтыкты сактап калуу үчүн биригишибиз керек. Бул көбүнчө социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу бир заматта тарап кетип жаткан маалыматтардан көз каранды.


Ар бир сөз, фейк-видео, ушак-айыңдар – ушулардын бардыгы жаңжалдын отуна май тамызат.


Чагымчыл, агрессивдүү билдирүүлөрдөн алыс болуңуздар, текшерилбеген маалыматтарды таратпаңыздар! Мунун бардыгы жаңжалдын күчөшүнө түрткү берет. Окуялардын мындан ары кандай өнүгө тургандыгы бир гана бийликтен эмес, ар бирибизден көз каранды. Келиңиздер, бардык претензияларыбызды кийинкиге калтыра туралы. Азыр биздин сөздөрүбүздүн жана иш-аракеттерибиздин бардыгы “зыян келтирбе” принцибине негизделиши керек!


Бир эле талаштуу аймак эмес, өтө көп нерсе кылдын учунда турат: бул - мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн түштүгүндө же түндүгүндө жашаганына карабастан, ар бир жарандын тынчтыгы жана жыргалчылыгы.


Биз кезектеги Югославия же Карабак болуп калбашыбыз керек, эгемендүүлүгүбүздү жана мамлекеттин бүтүндүгүн сакташыбыз керек. Ал эми тынчтык үчүн биз биригип, бардык күч-аракеттерибизди жана ойлорубузду өлкө жетекчилигинин чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча бардык аракеттерин колдоого багыттообуз зарыл", - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн