Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өлкөдөгү абалга байланыштуу мал жандыктарды жайлоого айдабай турууну эскертишти

10.04.2020 17:05
1115
Өлкөдөгү абалга байланыштуу мал жандыктарды жайлоого айдабай турууну эскертишти


Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун аймагында мал жандыктарды жайлоого айдабай турууну эскертет. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди. 


Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун тургундарын, 15-апрелге чейин мал жандыктарын жайлоого айдабай турууну эскертишкен.


Мындай кадамдар жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзбөө үчүн көрүлүп жатканы айтылат. Ошондой эле, тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөрү эскертилет.


Ал эми, жайлоого мал айдоо качан башталаары тууралуу, кошумча маалымат берилерин кабарлашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн