Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Өлкөдөгү райондордун акимдери ротацияланды

23.05.2021 10:16
1567
Өлкөдөгү райондордун акимдери ротацияланды


Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.


Мамлекет башчысынын «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.


Ушул жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан сырткары, Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөздү.


Кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында облустардагы район акимдерин ротациялоо чечими кабыл алынды.


Жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:


— Раматов Мурат Садинович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Мейматкулов Руслан Маматибраимович Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.


Осмоналиев Манас Мукашевич өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


 Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Сыдыков Замирбек Бейшенович Талас облусунун Талас районунун акими кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


 Нармырзаев Нургазы Жакыпович Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Сатаров Нурбек Бейшеналиевич Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Осмонов Абдрахман Куватович өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


 Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


Жумаев Алайбек Мусаевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Саккараев Марс Намарбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


 Жайылов Таалайбек Ташиевич Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Тюкебаев Акылбек Алиякунович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Насиров Мунарбек Жумабаевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Ногоев Турусбек Молдобекович Чүй облусунун Жайыл районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Туркбаев Төрөгелди Калыбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович  Талас облусунун Кара-Буура районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


Сагымбаев Бектур Абдыразакович Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевич Нарын облусунун Нарын районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


Мадимаров Нуридин Султанович Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Карагулов Мирлан Кынатбекович Чүй облусунун Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Козуев Ниязбек Эгемкулович Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Аманкулов Эмир Эркинбекович өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


— Козуев Бакыт Садыкович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


Сатыбалдиев Жанысак Манасбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Тайгашкаев Руслан Авасканович берген арызына ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


 Курмантаев Нуралы Шакенович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


 Кенжебаев Аманкан Батырбекович Чүй облусунун Сокулук районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович Ош облусунун Араван районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


— Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


— Абыкеев Темирболот Асаналиевич Нарын облусунун Кочкор районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;


Камчыев Курбанбек Камчыевич Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Иманалиев Данир Белекович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Акимбаев Бахтияр Болотович өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


— Адиев Каныбек Маматбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматына дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Тилебалдиев Айбек Курманакунович  өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


 Астанакулов Байышбек Кахроманович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматына дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Сарбагышев Максатбек Канатбекович берген арызына ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


Болбур уулу Алтынбек өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


— Апбасов Каныбек Сагынбекович Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


Жумадылов Калыбек Аманатович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Бозбалаев Залкарбек Усеналиевич  өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


Матанбаев Жамшит Кадырович Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


 Имаров Алгынбай Төралиевич Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;


— Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевич  өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду;


Жээнбеков Досмамбет Аматович Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жылдызкан
Дагы эле таза кадрларды койгон жок мен тааныган адамдар баары акчанын кучу менен барыптыр аны резерв кадрдан деп дайындаганы окунучтуу,андай дайындоо болгон жок .Биздин олко качан таза билимдуу адамдарды оз кучу менен тесттен беседадан откондорду карап кызматтарга дайындоо болор экендеп пенсия жашына жетип баратко кутуп журуп ,багы акчасы ,таанышы барлар гана иштейт .Эч озгорууну корбодум