Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өлкөдөгү жол кырсыктарына көпчүлүк учурда айдоочу күбөлүктү жаңы алгандар себеп болууда

19.08.2021 08:22
500
Өлкөдөгү жол кырсыктарына көпчүлүк учурда айдоочу күбөлүктү жаңы алгандар себеп болууда

Өлкөдө талапка жооп бербеген автомектептер жабылат. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Ялкун Даутов билдирип, айдоочулар жол эрежесин билбегендиктен жол кырсыктарына кабылып жатканын айтты.


"Жыл башынан бери жол кырсыгынан канчалаган адам өмүрлөрү кыйылды. Биз анализдеп көрсөк, жол кырсыгына 80 пайыз айдоочулар өздөрү себепкер болушкан. Бул айдоочулардын сабатсыздыгынын белгиси, жол эрежелерин билишпегендиги. Айдоочулук күбөлүктү акчага сатып алышкан. Статистиканы карасак, кырсыкка кабылгандардын 90 пайызы жаш балдар же айдоочулук күбөлүктү жаңы эле алгандар", - деди ал.


Ошондой эле ал айдоочуларды даярдоочу окуу жайларга талапты күчѳтүү зарылдыгын белгиледи.


"Ѳткѳн жылы Билим берүү министрлиги тарабынан айдоочуларды даярдоочу окуу жайлар текшерилгенде өлкө боюнча 235 автомектеп аныкталган. Анын 119у лицензиялык талапка жооп бербейт деп табылган. Биз азыр лицензиялык талапка жооп бере турган 100 эле автомектепти калтырып, калганын жабалы деп жатабыз. Автомектептердин талаптарга жооп берерин, практикалык жактан кандай үйрөтүшөт, баарын текшерип чыгабыз. Бүгүнкү күндө жол кырсыктарын азайтуу үчүн жол чырактарын көп койдурганга аракет кылып жатабыз", - дейт Даутов.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн