Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:36
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өлкөгө жүк ташуучу унааны мыйзамсыз алып кирген жаран кармалды

04.03.2021 15:32
533
Өлкөгө жүк ташуучу унааны мыйзамсыз алып кирген жаран кармалды

Ысык-Ата райондук "Унаа" мамлекеттик мекемесинде 2002-жылы чыгарылган "Volvo FH12 420" жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.


"Жүктүн бажы декларациясы боюнча, жогорудагы жүк ташуучу унаа жана прицеп Литвадан келген. Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат базасында бул унаанын бажы жагынан таризделиши жөнүндө маалымат жок. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке келтирилген материалдык зыян 1 миллион 315 миң сомдон ашык суммага бааланган", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган ишке шектүү катары Ысык-Ата районунун тургуну 1968 жылы тууулган А.Н. кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул мыйзамсыз ишке башка адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн