Өлкөнү өнүктүрүү үчүн өзгөчө иш алып баруу зарыл - өч алуу болбосун. Мындай пикирин Кой-Таш окуясында каза болгон "Альфа" кызматынын офицери Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева билдирди.
Анын айтымында, сабаттуу, билимдүү лидерлерди камоо туура эмес.
"Бул кездеги өткөн чак өзгөчө заманды көрсөтүп турат. Акыл калчап терең жана кеңири ой жүгүртүү зарыл. Канча мезгил керек болот өнүгүү үчүн? Менин көз алдымда канча депутаттар жана төрагалар тартылды. Санкт-Петербургга барган Таврика сарайында эл аралык иш чараларга баргандардын арасында эң сабаттуу, билимдүү сүйлөгөн иш алып барган Асылбек Жээнбеков болгон эле. Эми терең иликтеп документалдуу болсо камаш керек да. Улуттук лидерлерди сактап калуу зарыл. Канчага чейин тынчы жок заманда жашайбыз. Асылбек Жээнбековго боштондук!",- дейт Мамаева.
Пикирлер (13)