Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өлкөнүн экономикасына тышкы жана ички факторлор таасирин тийгизип жатат, - Абдыгулов

26.08.2020 14:41
855
Өлкөнүн экономикасына тышкы жана ички факторлор таасирин тийгизип жатат, - Абдыгулов


Кыргызстандын экономикасына тышкы жана ички факторлор өздөрүнүн таасирлерин тийгизип жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү терс зонада болуусу уланууда.


"Бирок бизнестин жандана баштаганына жараша ИДӨнүн калыбына келиши күтүлгөн болжолдоолорго караганда тез жүрүп жатканын байкап жатабыз. 2020-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨ 6,1 пайызга  төмөндөгөн, Кумтөрдү эске албаганда төмөндөө 7,7% түзгөн", - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

 

Өлкөгө акча которуулар агымынын көлөмү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн төмөн бойдон калган (2020-жылдын январь-июнь айларында, өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүү агымы 763,6 млн доллар түзүү менен 13,1 пайызга төмөндөгөн), бул ички керектөөнүн бир калыпта кармалышын шарттаган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн