Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өлүмдөн коркпогон генерал Мурат Бороновдун өзгөчө сапаттары...

08.01.2024 11:21
4633
Өлүмдөн коркпогон генерал Мурат Бороновдун өзгөчө сапаттары...


Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов өткөн жылы ийгиликтүү иштеди. Коомдук коопсуздук абалды чыңдап, кырдаалды турукташтыруу жагынан камчы салдырган жок. Аныгынан алганда, бул генералыбыз согушту көрүп калбадыбы, октон жалтанбай тажиктер менен бетме-бет келгени, атышууга чейин барганын эч ким билбесе керек. Өмүрү бар экен, өлбөй калды. Бирок, чыныгы баатырларыбыз Чолпонбай, Дүйшөнкулдай деле согушуп, ажалга тике карап, тиги дүйнөгө деле кетмек. Кудай сактады! Мурат мырзаны жакындан билгендер айтышат, эгерде мекен үчүн кыйчалыш кырдаал жаралса, дароо алдыга түшөт. Бизде “боевой генералдар жок” деп айтып калабыз. Чыныгы жанкечти ушул каарманыбыз да. Эч нерседен коркпойт. Биринчи орунга жумушун коёт, башкасы калат. Аныгында, Мурат Боронов кайсы жерде иштебесин, артынан жылуу сөз калтырып, коллективге үлгү көрсөтүп, өзүнүн адамгерчилиги, ишбилгилиги менен айырмаланып турат. Ак көңүл, ички дүйнөсү милициядай шектүү карабай (тамаша), баардык адамдарга жакшылык кылууга дилгир. Мындай жигиттин гүлүн кантип колдобойсуң? Ак менен караны ажыратууга да мезгил келди го... Ток этерине келсек, генерал-майор Мурат Боронов менен сыймыктанууга, дагы да урматтоого убактыбыз бар...

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Заирбек
Мыкты жетекчи, өз милдеттерин так билген генерал!
Романов К
Боевой Офицер 👍
Хакимов Хожимурат Азизиллаевич
Мыкты жетекчи дагы да ийгилик коштоп ар дайым чын ден соолук уй-булолук бактылуулук болсун
Калчабаева Гулжамал
Оз ишин суйгон Адам Ийгилик жаратат
Зарина конобаева
Эн мыкты генерал