Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өмүрбек Абдырахманов: Эски, калдыраган “Москвичти” айдап жүрөбүз

12.04.2021 15:38
2533
Өмүрбек Абдырахманов: Эски, калдыраган “Москвичти” айдап жүрөбүз


Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү мурдагыдан эч кандай айырмаланган жок, баягы эле көрүнүш деген пикирде.


“Медиа центр”: - Кечээ шайлоо кандай өттү?

Өмүрбек Абдырахманов: - Шайлоо эмне болмок эле, баягыдай эле өтөт да...

“Медиа центр”: - Баягы эле картинабы?

Өмүрбек Абдырахманов: - Албетте. Эч өзгөрүү жок.

“Медиа центр”: - Эмнеге?

Өмүрбек Абдырахманов: - Эмнеге, кызык...? Сиз өзүңүздүн үйүңүздү жыйнабасаңыз, ремонт кылбасаңыз, евро жасатпасаңыз, үйүңүз сонун болуп калабы? Жолду оңдобосоң, ремонт иштери жүрбөсө жол деле бузулат да.

“Медиа центр”: - Азыр бийликте башка адамдар да...

Өмүрбек Абдырахманов: - Кеп адамдарда эмес...

“Медиа центр”: - Анда эмнеде?

Өмүрбек Абдырахманов: - Системада. Шайлоодогу башаламандыкты система бузуп жатат. Жаңылануу, реформа жок.

Медиа центр”: - Анда эмне кылыш керек дейсиз?

Өмүрбек Абдырахманов: - Америкадагыдай, Европадагыдай стандарт жок бизде. Ал үчүн “Мерседес” сатып алыш керек. Бизде болсо эски, калдыраган “Москвичти” айдап жүрөбүз, ушуну менен кыйратабыз деп.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн